| [00:00.000] |
作词 : Мирбек Атабеков |
| [00:01.000] |
作曲 : Мирбек Атабеков |
| [00:06.00] |
Көлдүн жээги |
| [00:12.00] |
Сөзү:А.Айталиевдики |
| [00:18.00] |
Обону:К.Жакшылыковдуку |
| [00:22.70] |
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, |
| [00:36.70] |
Жайдары мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап. |
| [00:44.05] |
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, |
| [00:53.21] |
Майда долкун ташка урунат шарпылдап. |
| [01:00.60] |
Кошкун дедиң кол булгалап, |
| [01:13.25] |
Кете бердиң пароходдо, |
| [01:17.32] |
Кете бердиң пароходдо калкылдап. |
| [01:23.79] |
Эми алысмын куса болом самасам, |
| [01:38.45] |
Бир жүргөнсүйт бирок сенен тамашаң. |
| [01:45.75] |
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги, |
| [01:54.65] |
Жаным сүйүп,жалгыз сени жаратам. |
| [02:01.90] |
Ашыктыгым ого бетер арналат, |
| [02:14.34] |
Сагынганда сүрөтүңдү, |
| [02:18.50] |
Сагынганда сүрөтүңдү карасам. |
| [02:46.80] |
Жазган катың жанга кубанч киргизет, |
| [03:01.00] |
Гееде ойлоном тынч алалбай дирилдеп, |
| [03:08.80] |
Кыял деген күлүк нерсе эмесби, |
| [03:17.60] |
Сага жетип кайра мага жүгүрөт, |
| [03:24.75] |
Кара көзүм кандай жүрөт дегенсип, |
| [03:37.35] |
Курган жүрөк гееде койот, |
| [03:41.59] |
Курган жүрөк гееде койот бүкүңдөй. |
| [03:48.40] |
Ар бир мүнөз элестериң көңүлдө, |
| [04:02.70] |
Унутпастан эстейим өзүң жөнүндө. |
| [04:10.10] |
Сары алтын дейт,түбү келип сабырдын, |
| [04:18.95] |
Сагынуунун зардалына жеңилбе. |
| [04:26.40] |
Аз күн калды жолугушчуу убакыт, |
| [04:38.65] |
Сен узаткан Ысык-Көлдүн |
| [04:42.90] |
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде. |
| [04:49.70] |
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде. |